Эртең, 14-декабрда Ош шаарында "Рубик" кубигин бат чогултуу боюнча окуучулар арасында чемпиондук уюштурулат. Аталган мелдеш окуучулар арасында спорттун бул түрүн өнүктүрүү жана интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Чемпиондук «Youth of Osh» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылууда. Мелдешти «Сорос-Кыргызстан» фонду каржылаган. Бул тууралуу аталган коомдук бирикменин адиси Акылай Каримова билдирет.