Биз социалдык тармакта

Быйыл аскердик лицей 150 курсантты кабыл алат

Кечээ, 4-августта Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде абитуриенттер менен тестирлөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, абитуриенттер Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук тестирлөө борбору тарабынан атайын иштелип чыккан тесттерди тапшырышты.

"Негизги тесттен башка абитуриенттер тереңдетилген медициналык кароодон өтүп, андан тышкары, дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшырып, андан кийин тест тапшырууга мүмкүнчүлүк алышкан", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул жылы лицей 150дөй тарбиялануучуларды кабыл алууга даяр, ал эми бул жерде окууну каалагандардын саны 600дөн ашат. Лицейге тапшырууда жетим балдарга жана каза болгон аскер кызматчылардын балдарына жеңилдиктер каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан