Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлгө өзбекстандык жаңы авиакомпаниянын алгачкы каттамы учуп келди

Бүгүн, 5-августта "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда Ташкент–Ысык-Көл–Ташкент багыты боюнча жаңы каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Салт боюнча "Silk Avia" авиакомпаниясынын ATR 72-600 учагын суу аркасы менен тосуп алышты.

Ташкенттен жаңы каттам менен "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна 56 жүргүнчү учуп келсе, 56 адам кайра Ташкентке учуп кетмекчи.

Белгилей кетсек, бул жаңы Өзбекстандык "Silk Avia" авиакомпаниясынын биринчи эл аралык каттамы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан