Бүгүн, 5-августта Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов калаадагы бир катар социалдык мекемелерди кыдырып чыкты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлайт.
Белгиленгендей, анын алкагында шаар башчысы “Тез жардам” кызматынын, Ош шаарындагы №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалдарынын абалы менен таанышты.
Мэр айрым эскилиги жеткен мекемелерди оңдоп-түзөө үчүн тиешелүү кызматтарга иш-мерчемдерин түзүү, жаңы имараттарды куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасын берди.