Оштун Чоң-Алай районунда талап-тоноого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, 1-августтан 2-августка караган түнү Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнө аталган райондун 37 жаштагы Е.С. аттуу тургуну май куюучу жайга белгисиз адамдар тоноо максатында кол салганын кабарлаган.
"Ыкчам тергөө тобу тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүп, аталган май куюучу жайга белгисиз эки жаран беттерине медициналык беткаптарды тагып алышып, май куюучу жайдын эшиктерин тээп, айнектерди пистолет менен уруп сындырышып, май куюучу жайда оператор болуп иштеген Е.С.га “Милицияга кабар берсең атып салам” деп коркутушуп, зомбулук көрсөтүшүп, кассадагы акча каражатын алып кетүүгө аракет кылышкан", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, милиция кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе, аталган кылмышка шектүү катары Чоң-Алай районунун 21 жаштагы З.уулу Т. жана 18 жаштагы Т.П. атуу тургундарын кармашты. Ошондой эле алардын жанынан бир даана колибри 4,5 миллиметр болгон пневмоткалык пистолет, медициналык беп каптар далил буюм катары алынды.
Аталган фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинде “Каракчылык” кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, кармалган шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда.