Баткенде тамекинин ири партиясы мамлекеттин эсебине конфискацияланды 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Баткенде 2 миллион сомго жакын бааланган тамекинин партиясын мамлекеттин эсебине конфискациялады. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 21-июлда Баткен райондук соту тарабынан "Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренеси (Милдеттүү акциздик салык салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү) боюнча кылмыш жасоодо, кылмыш ишинин жыйынтыгы боюнча күнөөлүү" деп табылган Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну Ж.Д.А.га 100 миң сом айып салынды. Ошондой эле мамлекетке 1 миллион 800 миң сом өлчөмүндөгү тамекилери конфискацияланды.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 9-майында УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ж.Д.А. үйүнө уруксат берилген тинтүү иштеринин учурунда акциздик маркасы жок 17 миң 960 куту тамеки табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан