Биз социалдык тармакта

Бишкекте саламаттыкты сактоо мекемелери оңдолуп жатат

Бишкек шаарында саламаттыкты сактоо мекемелери оңдолууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта шаардык мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык объектилерди оңдоону улантып жатат.

Ушул жылга карата курулуштардын титулдук тизмесинде 13 саламаттыкты сактоо объектисин оңдоо пландалганы айтылат.

"Бүгүнкү күндө №1 шаардык клиникалык оорукананын чатырын алмаштыруу иштери аяктады.

Ошондой эле №4, №5, №7 үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, №2, №1 шаардык клиникалык, шаардык гинекологиялык оорукана, шаардык реабилитация борбору, шаардык саламаттыкты сактоо борборун оңдоо иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан