Кечээ, 7-августта Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына учтуу зат жутуп алган 10 жаштагы бала түштү. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бала оң өпкөсүнөн жабыркап, канцелярдык мык бронхага сайылып калган. Дарыгерлер тарабынан оор абалдагы балага тезинен жардам көрсөтүлүп, бала аман калды.
Бөтөн затты алган оорукананын анестезиология жана жандандыруу бөлүмүнүн бөлүм башчысы Семетей Кочкорбай уулу акыркы күндөрү ушундай абалда келген балдар көп катталып жатканын айтып, ата-энелерди балдардын ден соолугуна жана өмүрүнө этият болууга суранды.