Баткен облусунда турмуш-тиричилик техникасын мыйзамсыз алып өтүү боюнча мыйзамсыз аракеттер токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалымдалгандай, 3-августта контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК кызматкерлери кошуна өлкөнүн аймагына тиричилик техникасын алып өтүү фактысын аныктап, мыйзамсыз аракеттерди токтотушту.
"Арка айылынын Жаңы-Жер айыл аймагынан 1988-жылы туулган Б.А. аттуу Кыргыз жараны 1 миллион 205 миң сомдук турмуш-тиричилик техникасы түрүндөгү жүктү мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен кармалды", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, аталган унаа контрабандалык жүк менен Жаңы-Жер мамлекеттик коругунун аймагына жеткирилип, аталган факты документтештирилди.
Учурда буга байланыштуу тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.