Бишкекте бадалдардын арасынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта күбөлөр билдиришти.
Алардын айтымында, Мичурин жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде аябай жагымсыз жыт пайда болгон. Жашоочулар бул жыттын эмнеден чыгып жатканын издөө максатында бадалдарды карап, адамдын сөөгүн табышкан. Ошондой эле алар маркумдун сөөгү бир нече күн жаткандыгын айтышкан. Күбөлөр бул тууралуу милицияга кабарлашкан.
Ага ылайык, аталган факты Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБне катталып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.