Чүй облусунда 5 күндөн бери дайынсыз болуп, изделип жаткан Дарика Апсаматова аттуу 15 жаштагы кыз аман-эсен табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, ал 4-август күнү саат 10:00 чамасында Военно-Антоновка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.
Ал кечээ, 9-августта кечке маал үйүнө кайтып келген.