ТикТокто аялдын ич кийимин кийип түз эфирге чыккан блогер баңгизат менен кармалды

Бишкек шаарында бир жаран баңгизат даярдоого шектелип кармалганын кечээ, 9-августта Ички иштер министрлигинен билдиришкен. Бул тууралуу өздүк булактар кармалган адам социалдык тармакта аялдын ич кийимин кийип түз эфирге чыккан блогер Акбала экенин тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 7-августта болжол менен саат 21:12 чамасында Сузак районунун 1974-жылы туулган А.Н. аттуу тургуну Жалал-Абад облустук милициясына каттоого алынып, ыкчам-иликтөө иштери жүрө баштаган. Ал бир ай мурда Бишкек шаарына көчүп кеткендиктен, аны тергөөгө камсыз кылуу тапшырмасы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына берилген.

"Жогорудагы жаран жашаган үйүнүн жанында өзүнүн жүрүм-турумун шектүү алып жүргөндүктөн ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери “102” кызматы аркылуу Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам тергөө тобун тинтүү иштерин жүргүзгөнгө чакырган", - деп жазылат маалыматта.

7-августта аталган факты Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Ага ылайык, 8-августта Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүмүндө (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду.

Ошол эле күнү анын Бишкек шаарында жашаган үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, үйүнөн 1 даана ширенкенин кутучасынан кочкул жашыл түстөгү кара куурайдын жытына окшош заттар табылган.

Алынган заттар экспертизага жөнүтүлүп, ал заттар “каннабис чайыры” баңгизаты экени аныкталган. Ал эми кармалган шектүү А.Н. Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2023-08-10 16:30:00
уятсыз эле экен гей экен турушу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан