Бүгүн, 12-августта саат 08:00дө Бишкек шаарынын вице-мэри Максат Сазыкулов "Бишкек троллейбус башкармалыгынын" айдоочулары менен жолугушуу өткөрдү.
Анда сүйлөшүүдөн кийин айдоочулар менен жетекчилер бир пикирге келишип, иш таштаган айдоочулар кайра жумуштарына чыкмай болушту. Учурда айдоочулар кайрадан каттамга чыга баштады.
Белгилей кетсек, айдоочулардын айлык-маяналары 50 миң сом болот.
Буга чейин накталай эмес төлөмгө өткөндөн кийин "Бишкек троллейбус башкармалыгынын" айдоочулары иш ташташкан.