Милициянын кайгуул кызматы акыркы бир жуманын ичинде Бишкек шаарында 5594 эреже бузуу болгонун билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, бир жума ичинде Бишкекте 32 мас айдоочу кармалган.
5594 эреже бузуунун ичинен: - 32 мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу;
- 132 айдоочу унаа каражатын көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашыкча айдагандыгы үчүн;
- - 26 айдоочу унаа каражатынын терезелерин мыйзамсыз карангылаткандыгы үчүн;
- - 61 айдоочу унаа каражатын айдоочулук күбөлүгү жок башкаргандыгы үчүн;
- - 2810 жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн;
- - 370 унаа каражатын тиешелүү каттоосу жок башкаргандыгы үчүн; - 727 жөө жүрүүчүнүн жол кыймылынын эрежелерин бузуусу;
- - 567 мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу;
- - 1436 башка бузуулар;
- - 795 унаа атайын токтотуучу жайга токтотулду.