Жалал-Абаддын Сузак районунун аймагында түнкүсүн көчөдө жүргөн 76 өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Белгиленгендей, райондун аймагында "Түнкү өспүрүм" рейди өткөрүлгөн.
Анын жүрүшүндө ата-энеси же аларды алмаштырган мыйзамдуу өкүлдөрү жок түнкүсүн көчөдө жүргөн өспүрүмдөр аныкталып, Сузак райондук мамлекеттик администрациянын алдында уюшулган жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө комиссиясынын кароосуна 63 материал жиберилди. Андан сырткары, 34 бузуулар боюнча протокол толтурулду.