
Ош шаарында сүрөтчүлөрдүн сынагы өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, "Урааным Манас" аталышындагы сүрөтчүлөр арасында сынак жарыяланды.
Сынак ушул жылдын 8-сентябрь күнү башталып, ага 18 жаштан жогорку курактагы каалаган сүрөтчүлөр катышса болору айтылат. Шарт боюнча сүрөт сынак күнү тартылып, ошол күнү жеринде жыйынтыкталат.
"Сынактын шарттары:
- Конкурска катышуучулардын жашы 18ден жогору болуусу керек жана категорияга бөлүнбөйт;
- Катышуучулар сынак күнү өздөрүнүн инструменттерин (боёк, калем ж.б.) алып келип сүрөт тартышат;
- Ар бир автор бирден гана сүрөт тартууга укуктуу;
- Сүрөттүн өлчөмү А2 форматта (торшон кагазы берилет), каалаган стилде жана техникада иштесе болот (живопись, графика);
- Тематикага туура келбеген сүрөттөр каралбайт;
- Конкурста тартылган сүрөттөр уюштуруучуларда калтырылат;
- Тартылган сүрөттүн арткы тарабына катышуучу аты-жөнүн калтыруу абзел", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланары кабарланат.