Токтогулда 1,5 тоннага жакын жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токтогул районунда "МАК-2023" аталышындагы комплекстүү иш-чара өткөрүлүп, жапайы кара куурай өскөн болжол менен 1 гектар 59 сотых жер текшерилген.
Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундарга жашап жаткан короосунда өсүп турган жапайы кара куурайдын зыяндуулугу жана пайдаланууга мыйзам тарабынан тыюу салынгандыгын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.