"1 грамм - 600 доллар". Жалал-Абадда жыландын кымбат баалуу уусун сатып жаткандар кармалды 

Жалал-Абад облусунда жылан уусунун ири партиясын сатуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, күчтүү уулуу зат “Gurza – vipera Leberetna turaniga” ири партиясын сатуу аракети токтотулду. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Ала-Бука айылынын аймагында аталган заттын 500дөн ашык ампуласын (1 ампула 5 г) сатып жаткан жеринен 1 чет мамлекеттин жараны жана 3 Кыргыз жараны кармалды.

"Күчтүү жыландын уусунун партиясы коңшу мамлекеттердин биринен Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алынып келингендиги аныкталды. Кармалган зат фармакологияда жана медицинада, ошондой эле синтетикалык дарыларды өндүрүүдө колдонулат. 1 грамм гюрза уусунун баасы көмүскө базарларда 300дөн 600 долларга чейин бааланат", - деп билдиришти УКМКдан.

Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан