Биз социалдык тармакта

Бишкектин ири унаа жолдорун кеңейтүү иштери кызуу жүрүүдө 

Бишкектин Свердлов районунун Чүй проспектиси менен Курманжан-Датка көчөсүнүн кесилишиндеги жолду кеңейтүү иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Бишкек мэриясынан билдиршти.

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан жолдордо чоң тыгындарды азайтуу жана унаалардын агымын азайтуу үчүн Чүй проспектиси менен Курманжан-Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолду кеңейтүү долбоору иштелип чыкты.

"Бүгүнкү күндө "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Чүй проспектисинин жана Курманжан-Датка көчөсүнүн кесилишинин түндүк-чыгыш тарабындагы асфальтын алуу боюнча жана жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүүгө даярдык иштерин жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, аялдамалар комплекси жылдырылып, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кошумча тилке кошулат. Жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн жол белгилерин кайрадан куруу пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, аталган иштер кесилиштин өтүүсүн жакшыртат, тыгындарды азайтат жана аймактагы бардык жол кыймылынын катышуучулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан