Биз социалдык тармакта

Жаңы окуу жылына мектеп каникулдарынын графиги бекитилди

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө” буйрукка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, түрлөрүнө жана менчиктик таандыгына карабастан бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2023-2024-окуу жылы 1-сентябрда башталып, 2024-жылдын 25-майында аяктайт.

2023-2024-окуу жылына мектеп каникулдарынын графиги төмөндөгүдөй бекитилди:

- күзгү каникулдар – 7 календардык күн: 2023-жылдын 6-ноябрынан 12-ноябрына чейин созулуп, сабактар 2023-жылдын 13-ноябрынан башталат;

- кышкы каникулдар - 14 календардык күн: 2024-жылдын 1-январынан 14-январына чейин созулуп, сабактар 2024-жылдын 15-январынан башталат;

- жазгы каникулдар - 11 календардык күн: 2024-жылдын 21-мартынан 31-мартка чейин созулуп, сабактар 2024-жылдын 1-апрелинен башталат.

Биринчи класстардын окуучулары үчүн III чейректе кошумча бир жумага жазгы каникул күндөрү узартылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан