Грек-рим күрөшү боюнча балбандар Дүйнө чемпиондугуна жана Азия оюндарына даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Белгиленгендей, балбандар эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Орусиянын Владикавказ шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө. Ал 9-август күнү башталган, 23-августка чейин уланат.
Курама команданын тизмеси:
Жоламан Шаршенбеков - 60 килограмм;
Амантур Исмаилов - 67 килограмм;
Раззак Бейшекеев - 67 килограмм;
Акжол Махмудов - 77 килограмм;
Атабек Азисбеков - 87 килограмм;
Азат Салидинов - 87 килограмм;
Үзүр Жусупбеков - 97 килограмм;
Бексултан Махмудов - 97 килограмм;
Роман Ким - 130 килограмм.
Курама команданын машыктыруучулары:
Улукбек Карачолоков — улук машыктыруучу;
Азат Эркинбаев – башкы машыктыруучу.
Эскерте кетсек, Дүйнө чемпиондугу Сербиянын Белград шаарында ушул жылдын 16-24-сентябрь күндөрү өтөт. Анда балбандар 2024-жылы жайкы Олимпиада оюндарына 90 квота утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.