Бокс боюнча улуттук курама Азия оюндарына даярдык көрүүдө

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азия оюндарына даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаарында 4-августта башталган окуу-машыгуу жыйыны 24-августка чейин уланат.

Курама команданын тизмеси:

  • Нуржигит Дүйшөбаев 51 килограмм ЭДСЧ;
  • Мунарбек Сейитбек уулу 57 килограмм ЭДСЧ;
  • Аскат Култаев 63,5 килограмм СЧ;
  • Нурадин Рустамбек уулу 71 килограмм СЧ;
  • Өмүрбек Бекжигит уулу 80 килограмм ЭДСЧ;
  • Эркин Адылбек уулу 92 килограмм СЧ;
  • Данияр Төлөгөн уулу башкы машыктыруучу;
  • Улан Сагынбаев улук машыктыруучу.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2023-жылга карата календардык планына ылайык өткөрүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан