Бүгүн, 20-августта "Жаштык" клубу көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө чемпиондугунда Биринчи лиганын жеңүүчүсү болду. Жалал-Абад облусунун командасы финалдык беттеште Орусиядан келген "Красноярск" клубун 7:1 эсебинде жеңип алды.
Оюнда "Жаштыктын" катарынан Арген Абдуллаев, Муратбек Жумалиев, Эшмурат Эшмуратовдор экиден салым таштаса, Марат Алмаз уулу бир улак салды. Ал эми "Красноярсктын" жалгыз упайын Урмат Кожокул уулу иштеп тапты.
Белгилей кетсек, "Жаштык" клубу финалга чейин "Ийгилик", "Алтын-Альянс" жана "Алтай" командаларын жеңген. Ал эми "Красноярск" клубу "Москва", "Новосибирск", жана "Өзбекстанды" утуп финалга чыккан.
Көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө чемпиондугу 13-августта башталган. Мелдешке дүйнөнүн 6 мамлекетинен келген 22 команда катышты. Турнирдин башкы максаты көк бөрү спортун эл аралык деңгээлде өнүктүрүү жана мамлекеттер аралык ынтымакты бекемдөө болуп саналат.