Коңшу Өзбекстандын Ташкент шаарында Chechenka0909 каймана аты менен белгилүү блогердин ачык сот отуруму өттү. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазышты.
Сотто блогер турмушка чыгып, эки баласы бар жана дагы кош бойлуу экени белгилүү болгон. Ал Өзбекстанда көп аял алууга тыюу салынганын билип туруп, 9-августта күйөөсүнө экинчи аял алып берип жаткан видеосун социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.
Сот процессинде блогер видео тамаша иретинде тартылганын, учурда кылганына өкүнүп жатканын белгилеген. Ошондой эле ал жашы жете элек эки баласы бар экенин эске алып, жазасын жеңилдетүүнү суранган.
Сот аны күнөөлүү деп тапты. Бирок анын карамагында жашы жете элек эки баласы бар экенин жана мурда кылмыш кылбаганы эске алынып, блогер жазадан бошотулуп, эскертүү менен чектелди.
Эгерде сот блогердин жазасын жеңилдетпегенде, ал 20 миллиондон 26 миллион сумга сейин айып төлөмөк.