Дүйнө чемпиондугу (U-20): Балбан Асан Жанышов коло медаль тагынды

Грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Иорданиянын Амман шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынды. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.

Маалыматка ылайык, спортчу 87 килограммга чейинки салмак категориясында катышты. Алгач 1/16 финалдык беттешинде армениялык балбанды 9:2 эсебинде жеңди. 1/8 финалдык беттешинде Польшанын балбанын 10:0 эсебинде жеңди. 1/4 финалдык беттеште грециялык балбанга жеңилген.

Коло медаль үчүн беттеште франциялык балбанды 12:4 эсебинде жеңди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан