Москвада "Ковёр" планы жарыяланып, бардык аэропорттор жабылды

Москва шаарындагы бардык аэропорттордо учактарды кабыл алуу дагы, учуруу дагы токтотулуп, "Ковёр" планы жарыяланды. Бул тууралуу “Авиаторщина” телеграм каналы билдирди.

FlightRadar сервисинин маалыматы боюнча, Москвадагы "Шереметьево", "Домодедово", "Внуково" жана "Жуковский" аэропорттору учурда учактарды кабыл албай дагы, жөнөтпөй дагы жатат. Учактар ​​Нижний Новгород жана Санкт-Петербургдагы альтернативдик аэродромдорго багытталууда.

Азырынча аэропорттор бул тууралуу расмий маалымат бере элек. Бир гана "Внуково" аэропорту асманды аэропортко көз каранды болбогон себептерден улам жабууга туура келгенин билдирди.

Бүгүн эртең менен абадан коргонуу күчтөрү Москва облусунун аймагында учкучсуз учуучу учакты табышканын Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди. Эртең мененки саат 6:50дө аппарат башкарууну жоготуп, Рузский районуна кулап түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан