Дүйнө чемпиондугу (U-20): Жантөрө Мырзалиев күмүш байгеге ээ болду

Грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Жантөрө Мырзалиев Иорданиянын Амман шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиргендей, спортчу 63 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.

Ал алгач 1/8 финалдык беттешинде беларус балбанын 10:1 эсебинде жеңди. 1/4 финалдык беттешинде АКШнын балбанын 8:5 эсебинде утту. Жарым финалдык беттеште казакстандык балбанды 14:7 эсебинде жеңди.

Ал эми алтын байге үчүн болгон кармашта Ирандын балбанына жеңилип калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан