Дүйнө чемпиондугу (U-20): Нуристан Сүйөркулов коло байгеге ээ болду

Грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Нуристан Сүйөркулов Иорданиянын Амман шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда коло байгеге ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиргендей, спортчу 55 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.

Ал алгач 1/8 финалдык беттешинде армениялык балбанды 4:1 эсебинде жеңген. 1/4 финалдык беттешинде Индиянын балбанын 7:6 эсебинде уткан.

Ал эми 1/2 финалдык беттеште казакстандык балбанга жеңилип калган. Андан соң түркиялык балбанды 2:1 эсебинде жеңип, коло медалдын ээси болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан