Бүгүн, 22-август күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогу старт алды.
Мелдештин программасына ылайык, бүгүн спорттук самбо боюнча эркектер арасында 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ килограмм салмак даражаларында, ал эми күжүрмөн самбо боюнча кыздар арасында 59, 65, 72 килограмм салмак даражаларында беттештер өтөт.
Белгилей кетсек, мелдеш “Газпром-балдарга” ден-соолукту чыңдоо борборунда өтүүдө. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Болгария, Азербайжан, Армения, Кытай, ФИАС 1 (Орусия), ФИАС 2 (Беларусь) жана Израилден келген спортчулар катышууда.