Кечээ, 21-августта Сокулук районундагы Дача-СУ айылында сарайдан өрт чыгып, кышка камдалган 3 миң түк чөп күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ӨКМга кечээ түнкү саат 22:20да Дача-СУ айылындагы сарайлардын биринен өрт чыкканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Кырсык катталган жерге жалпы 4 курам тартылып, тилсиз жоо таңкы саат 7:00дө чектөөгө алынган. Ал эми 10:12де толугу менен өчүрүлгөн.
Кырсыктан 600 чарчы метр сарай жана бастырмада жыйылган 3000 түк беде күйүп кеткени айтылды. Ошондой эле, өрттүн кесепетенин 22 жаштагы жаран жабыркап, туугандары ооруканага жеткиришкен.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдар такталып жатканы кабарланды.