Эртең, 24-августта Бишкек шаарынын айрым бөлүктөрүндө таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
"Ичүүчү суу саат 10:00 -16:00 чейин курулуп жаткан резиденциянын түштүк тарабынан Эркин-Тоо, Абдрахманов, Восточная көчөлөрүндө, анын ичинде мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо, өндүрүш мекемелеринде токтотулат", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгиленгендей, сууну өчүрүү иштери шаардык суу тармактарындагы профилактикалык жана оңдоо иштерине байланыштуу жүрүп жатат.
"Бишкексууканал" башкармалыгы жашоочулар менен мекемелерге алдын ала суу камдап алууну эскертет.