Самбо боюнча Дүйнө кубогу: Кыргыз спортчулары 7 медаль жеңди

Кечээ, 22-август күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогунун биринчи күнү жыйынтыкталды.

Анда Кыргыз улуттук курама командасы күндүн жыйынтыгы менен жалпы 7 медаль жеңди. Анын ичинен 1 алтын, 1 күмүш жана 5 коло медаль.

98 килограмм жана андан жогоркулар арасында Бекболот Токтогонов алтын медалга, күжүрмөн самбо боюнча кыздар арасында Мираида Медетбек кызы күмүш медалга ээ болду. Ошондой эле 58 килограмм салмак даражасында Кайрат Жусуп уулу, Темирлан Уланбек уулу, 88 килограмм салмак категориясында Фарух Мамажанов, 98 килограмм салмак даражасында Артур Сансызбеков, 98 + килограмм салмак даражасында Сыймык Жапаров коло медалдардын ээлери болушту.

Белгилей кетсек, мелдеш “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда өтүүдө. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Болгария, Азербайжан, Армения, Кытай, ФИАС 1 (Орусия), ФИАС 2 (Беларусь) жана Израилден келген спортчулар катышууда.

Беттештер 23-август күнү жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан