"Каза болгондор бар". Кытайда көмүр шахтасында жарылуу болду

Кытайдын түндүгүндөгү Шэньси провинциясында көмүр шахтасында болгон жарылуудан 11 жумушчунун каза болгону кабарланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

CCTV мамлекеттик телеканалынын кабарына караганда, кечээ 22-август күнү кечинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00 чамасында Янан шаарынын Янчуан районундагы Шинтай көмүр кенинде жарылуу болду.

"Жарылууда шахтадагы 90 жумушчудан 11 киши каза болгон.

Куткаруу топтору оор жаракат алган 81 жумушчунун ичинен экөөнү куткара албай калышты. Мындан тышкары 9 жумушчунун жансыз денеси табылды", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, кырсык болгон шахтанын 2020 - жылы иштеп баштаганы жана андан жылына 300 миң тонна көмүр алынары маалымдалган.

Кытайда акыркы жылдары инфраструктурасы эски, коопсуздук эрежелери талапка жооп бербеген шахталарда текшерүүлөр күчөтүлсө да кырсыктар көп болуп жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан