Биз социалдык тармакта

Азия оюндарында өлкө намысын коргой турган боксчулардын тизмеси жарыяланды

Кытайда өтө турган Азия оюндарында өлкө намысын коргой турган мушкерлер белгилүү болду. Бокс боюнча улуттук курама команданын тизмесин бүгүн, 24-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жарыялады.

Команданын курамына 7 мушкер кирген. Алар:

Нуржигит Дүйшөбаев - 51 килограммга чейин
Мунарбек Сейитбек уулу - 57 килограммга чейин
Асхат Култаев - 63,5 килограммга чейин
Нурадин Рустамбек уулу - 71 килограммга чейин
Өмүрбек Бекжигит уулу - 80 килограммга чейин
Эркин Адылбек уулу - 92 килограммга чейин
Ооматбек Элчоро уулу - 92 килограммдан жогору
Машыктыруучулар: Данияр Төлөгөн уулу, Улан Сагынбаев жана Аскат Абаев.
Белгилей кетсек, Азия оюндары 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында өтөт. Анда ар бир салмак категориясы боюнча финалга чыккан мушкерлер 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага жолдомо алышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан