"Барселонанын" легендарлуу капитаны Карлес Пуйоль да кыргызстандыктарга салам жолдоду (видео)

"Барселонанын" легендарлуу капитаны Карлес Пуйоль да видео аркылуу кыргызстандыктарга салам жолдоду. Видеону өлкөдө ачыла турган "Барселона" академиясынын расмий баракчасы жарыялады.

"Салам Кыргызстан. Жакында мен жана "Барселона" курамасындагы досторум сиздер менен "Легендалар беттешинде" көрүшөбүз. 30-августта стадиондон көрүшкөнчө. Эң мыкты каалоолор менен!" - деди ал.

Карлес Пуйоль 15 жылга созулган карьерасынын бардыгын "Барселонада" өткөргөн. Бул аралыкта ал 20дан ашык кубок жеңген. Ошондой эле Испания курамасынын катарында Европа жана Дүйнө чемпиону болгон.

Белгилей кетсек, 29-августта Жалал-Абадда каталондук "Барселона" академиясынын ачылышы болот. 30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда каталондук клубдун Роналдиньо, Ривалдо, Пуйоль баштаган легендарлуу футболчулары Борбор Азиянын легендалары менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Аталган беттеште өлкө президенти Садыр Жапаров да ойной турганы кабарланган.

Карлес Пуйоль кыргызстандыктарга салам жолдоду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан