Биз социалдык тармакта

Мектептердин айланасында жол чийиндери жана жол белгилери орнотулууда

Өлкө аймагындагы мектептердин айланасына жол чийиндери жана жол белгилери орнотулууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, башкармалыктын жол көзөмөлдөө бөлүмү жаңы окуу жылынын башталышына карата жалпы өлкө аймагындагы мектептердин айланасындагы жолдордун абалын жеринен кароо жана текшерүү иштерин жүргүзүшкөн.
Анын негизинде жетишпеген жол белгилерин, жол чийиндерин, түнкүсүн жарык берүүчү каражаттарын аныктап, аны аткаруу боюнча тийиштүү муниципалдык кызматтарга сунуштамалар берилген.
"Сунуштамалардын алкагында бардык орто мектептердин айланасындагы унаа жолдорго мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн ылдамдык, жөө жүргүнчү, атайын дөңсөө жол белгилери орнотулууда. Ошондой эле жөө өтмөктөрдүн чиймелери жаңыртылууда", - деп жазылат анда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан