Бүгүн, 29-августта Кыргызстанга футбол жылдыздары Ривалдо жана Людовик Жюли келди.
Легендарлуу футболчуларды аэропорттон уюштуруучулар жана күйөрмандар тосуп алды.
Эртең, 30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Барселона” клубунун легендалары менен Борбор Азиянын футбол ардагерлеринин беттеши өтөт.
Видео: АКИpress