"Барселона" футболдук клубунун легендарлуу футболчусу Роналдиньо Кыргызстанга келе элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактардан билдиришти.
Бүгүн, 29-август саат 14:09да Бишкекке Дубайдан келген учак конгон. Бирок алардын арасында легендарлуу футболчу жок.
Кечээ, 28-августта чет элдик спорт басылмалар Роналдиньо алдамчылык иши боюнча соттук отурумдарга келбей койгону үчүн ага Бразилиядан чыгууга тыюу салынганын жазып чыгышкан.
Буга чейин уюштуруучулар Роналдиньо саат 14:00дө Бишкекке коно тургандыгын айтышкан.
SUPER.KG порталына өздүк булактар Роналдиньо Кыргызстанга келе албай калгандыгын айтышты.