Белгилүү кыргыз балбаны карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады

Күрөш боюнча Азия чемпиону болгон балбан Руслан Царёв карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Мен кеминде 20 жыл арнаган карьерамды жыйынтыктоо тууралуу чечим кабыл алдым. Карьерамда өлкөбүздүн намысын коргой алганыма чын жүрөктөн кубанычтамын. Мени эл аралык деңгээлге алып чыккан күрөштүн алгачкы негиздерин дал ушул жерден үйрөнүп, жаштарыбыз менен тажрыйба бөлүштүм! Биринчиден, албетте мага ишенип, көптөн бери колдоп келгени үчүн күйөрмандарыма терең ыраазычылыгымды билдирем. Күйөрмандардын мен үчүн кыйын учурларда токтобогону чоң стимул болду", - деп жазды Царёв.

Ал ошондой эле күрөш федерациясына, үй-бүлөсүнө жана машыктыруучуларга терең ыраазычылыгын билдирди.

32 жаштагы Руслан Царёв күрөш менен 2004-жылдан бери алектенип келет. Ал 2014-жылы Астанада өткөн Азия чемпиондугунда алтын байге уткан. Ошондой эле "Рио 2016" жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан