Чүйдө салык кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды (видео) 

Чүйдө 200 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Кемин райондук мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, УКМК тарабынан 200 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик салык кызматынын эки кызматкери кармалды.

"28-августта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында оперативдүү-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси боюнча 200 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Кемин районунун салык кызматынын контролдоо жана карыздарды өндүрүү бөлүмүнүн башчысы А.А.Ж., ошондой эле аталган бөлүмдүн инспектору С.А.Т. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси боюнча кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.

Чүйдө эки салык кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан