Биз социалдык тармакта

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы бир саат аралыгында катуу шамал болорун эскертти. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта ӨКМдан билдиришти.

Маалым болгондой, Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу күтүлөт.

Ага ылайык, ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат.

"- Жеке коопсуздугуңуз үчүн көчөгө сейилдеп чыгуудан карманыңыз;
- унааңызды бак-дарактын жана имараттын түбүнө токтотпоңуз;
- турак жай жана имараттагы эшик-терезелерди жабыңыз.

Кырсык катталган учурда "112" бирдиктүү номерине байланышыңыз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан