Бүгүн, 31-августта Ош облусунда көк бөрү боюнча Президенттин кубогунун финалдык беттештери болот.
Эгемендүүлүк майрамына карата өтүп жаткан мелдеште Биринчи лиганын кубогун "Өзгөн" жана "Кара-Кулжа" командалары талашат. Ал эми Жогорку лигада "Ынтымак" менен жергиликтүү "Достук" командасы күч сынашат.
Белгилей кетсек, Президенттин кубогуна арналган мелдеш 27-августта башталган. Ага 3 лига боюнча жалпы 9 команда катышууда.