"Кара-Кулжа" командасы көк бөрү боюнча Президенттин кубогунда финалдык беттеште "Өзгөндү" жеңип, Биринчи лиганын чемпиону болду. Жергиликтүү эки команданын беттеши 3:1 эсебинде жыйынтыкталды.
Оюндагы салымдарды "Кара-Кулжанын" катарынан Алтынбек Раимбек уулу менен Нурастан Султан уулу таштады. Команданын үчүнчү улагын оюнчулар кош колдоп салышты.
Ал эми "Өзгөн" командасынын жалгыз упайын 3-бөлүктө Ислам Үсөнбаев иштеп тапты.
"Кара-Кулжа" командасы муну менен Биринчи лигада Президенттин кубогуна ээ болду. Бул жолу жылдагыдан айырмаланып аталган лигада 2 гана команда мөөрөй талашты. Эреже боюнча жеңүүчү тарап Жогорку лигада оюн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алат.