Астанада өткөн каратэ-до боюнча эл аралык турнирде Кыргыз жаш спортчулар 12 медаль тагынышты. Бул тууралуу бүгүн, 31-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, мелдештер каратэ-дону кеңири жайылтуу, күчтүү спортчуларды аныктоо, достук байланышты чыңдоо, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, турнирге Франция, Орусия, Беларусь, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 600дөн ашык спортчу катышкан. Өлкөбүздүн намысын каратэ-до боюнча улуттук федерациясынын курама командасынын 29 спортчусу коргоду.
Оюндардын жыйынтыгы боюнча спортчулар 1 алтын, 4 күмүш жана 7 коло медалга ээ болушту.
"18-20 жаш курагында Нурланов Назим 75 килограмм салмакта 1-орунду жеңип алды.
2 орунду багындырган спортчулар:
- Умида Айсаева (18-20 жаш курагында, 50 килограммга чейин);
- Ростислав Ковылин (16-17 жаш курагында);
- Нуртилек Бейшембаев (12-13 жаш курагында, 50 килограммга чейин);
- Нурай Бейшембаева (10-11 жаш курагында, 45 килограммга чейин).
3 орунга: Рафаэль Акбаров, Назим Нурланов, Умида Айсаева, Ситора Расуловна, Деря Даян, Сезим Эсенкулова, Мухаммад Ильясов ээ болушту", - деп айтылат маалыматта.