«РСК Банк» ААК Ислам терезесинин алкагында жеңилдетилген шарттарда «Мурабаха Авто» продуктту сунуштайт.
Ислам каржылоо принциптерине ылайык, сиз сатып алына турган жаңы же колдонулган транспорт каражатын (ТК) жана /же кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу менен сатып алсаңыз болот.
Алгачкы төлөм:
• Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө чыгарылган ТК боюнча:
- чыгарылган жылдан 5 жылга чейинки транспорт каражаттары боюнча 20%дан;
- чыгарылган жылдан 10 жылга чейинки транспорт каражаттары үчүн 30%дан;
- чыгарылган жылдан 20 жылга чейинки транспорт каражаттары үчүн 40%дан.
• КМШ өлкөлөрүндө чыгарылган транспорт каражаты боюнча:
- чыгарылган датасынан 10 жылга чейин 40%дан.
• Кыймылсыз мүлк күрөөгө берилген учурда, баштапкы төлөмсүз болушу мүмкүн.
Каржылоо суммасы жана мөөнөтү:
• 100 000 сомдон 250 000 сомго чейин 24 айга
• 251 000 сомдон 500 000 сомго чейин 36 айга
• 501 000 сомдон жана андан жогору 60 айга
Төлөө графиги:
• Бирдей үлүштө же ийкемдүү график
Күрөө менен камсыздоо:
• Эгерде каржылоо суммасы 1 000 000 сомго (кошо алганда) чейин болсо, анда сатып алына турган автотранспорт күрөө катары кабыл алынышы мүмкүн. Эгерде каржылоонун суммасы 1 000 001 сомдон башталса, анда күрөөгө кыймылсыз мүлк кабыл алынат.
Кеп-кеңеш (консультация) үчүн:
«РСК Банк» ААК Байланыш борбору
9111, WhatsApp 0706 911 111
«РСК Банк» ААК Ислам терезеси өкүлчүлүктөрүнүн даректери
• Бишкек ш., Уметалиев көч., 95;
• Ысык-Көл филиалы, Каракол ш., Токтогул көч., 271;
• Кочкор филиалы, Кочкор а., Исакеев көч., 33А;
• Ош филиалы, Ош ш., Курманжан Датка көч., 124 А;
• Жалал-Абад филиалы, Жалал-Абад ш., Ленин көч. 55а (ТЦ Келечек СБ);
• Ноокат филиалы, Ноокат ш., Ленин ш., 1.