Бишкекте алгачкы жолу өтүп жаткан сурдо спорту боюнча дүйнө чемпиондугу ачылды

Алтынбек Максутов Бишкекте алгачкы жолу өтүп жаткан сурдо спорту боюнча дүйнө чемпиондугун ачты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатынан билдиришти.
Маалымдалгандай, кечээ, 3-сентябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин жана грек-рим күрөшү дисциплиналары боюнча алгачкы жолу өтүп жаткан сурдо спорту боюнча дүйнө чемпионатын ачты.
"Алтынбек Максутов өз сөзүндө сурдо спорту боюнча грек-рим жана эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиондугу Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатканын белгилеп, кыргыз сурдо спортунун 15 жылдык тарыхы бар экенине токтолду. 2007-жылы Эл аралык Дүлөйлөр спорт кыймылынын төрагасы Дональд Амондсдун колдоосу менен Кыргызстанда Сурдо спорту жанданып, “Кыргыз Республикасынын дүлөйлөр спорттук кыймылы” коомдук фонду түзүлүп, азыркы учурга чейин Арам Акопян мырза ийгиликтүү жетектеп келе жатканын маалымдады. Мамлекеттин колдоосу менен Сурдо спорту Сурдлимпиадалык деңгээлге чыгып, көптөгөн ири эл аралык мелдештерге, дүйнө жана Азия чемпиондугунда катышып келе жатканын сыймыктануу менен белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, чемпиондук 2-сентябрда башталган. Чемпиондукка жалпысынан 13 өлкөдөн 250 спортчу катышууда. Чемпиондук 12-сентябрда жыйынтыкталат.
Ага ылайык, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Иран, Армения, Түркия, Монголия, Литва, Эстония, АКШ, Болгария, Азербайжан, Ирак жана Украина мамлекттеринен келген балбандар катышууда. Ал эми Кыргызстандын намысын 16 балбан коргоодо. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар үчүн бардык тиешелүү талаптар каралып, ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан