Токмок шаарында жайгашкан компьютердик клубда 2006-жылы туулган өспүрүм каза болуп калды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 4-сентябрда Чүй ОИИББинен ырасташты.
Маалымдалгандай, 1-сентябрда саат 23:30 чамасында Токмокто жайгашкан компьютердик клубдардын биринде 2006-жылы туулган Т.Б. аттуу жаран өзүнүн достору менен ойноп жатып, өзүн жаман сезип эс-учун жоготкон.
"17 жаштагы Т.Б. аттуу жаранды достору Чүй районунун ооруканасына жеткизип, бирок жандандыруу бөлүмүндө 2-сентябрда саат 00:40 чамасында каза болуп калган.
Аталган окуя Чүй РИИБне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Эмне себептен каза болгондугун тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.