Испанияда катуу жааган жаандан улам метролорду суу каптады(видео)

"Дана" бороону жана катуу жааган жаандан улам Испанияда суу ташкыны болуп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, эки күндөн бери Испаниянын Мадрид, Толедо жана Кадис аймактарында катуу жааган жамгырдан улам суу ташкындары токтобой жатат. Бийлик тургундарды үйдөн чыкпоого чакырууда.

Табигый кырсыктын кесепетинен Мадрид метросунда суу каптап, эки линия боюнча поезддердин кыймылы токтотулган. Көптөгөн аймактарда электр жарыгы өчкөн. Жабыркагандар тарабынан куткаруучуларга 190 жолу кайрылуу келип түшкөн.

Кечээ жекшемби күнү аба ырайына байланыштуу "Атлетико Мадрид" менен "Севилья" клубдарынын футболдук беттеши токтотулганын аталган клубдар социалдык тармактагы баракчаларында жарыялашкан.

Учурда кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу так маалымат айтыла элек.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан