Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы октябрь айында Бахрейн менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Оюн 12-октябрь күнү Бахрейндин Манама шаарында өтөт. Кыргыз футбол союзу бул жолдоштук беттеш боюнча кийинчерээк толугураак маалымат берилерин билдирди.
Белгилей кетсек, "Ак шумкарлар" учурда Дубай шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп жүрүшөт.