Бишкекте жаңы окуу жылына карата №18 мектептин кошумча корпусу пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2019-жылы курулуп баштаган эки кабаттуу имарат 910 чарчы метр аянтты ээлеп, 225 орунга ылайыкталган. Билим берүү мекемесинин кошумча имаратын курууга каражат коррупцияга каршы күрөшүү боюнча депозиттик эсептен бөлүнгөн.
"Имараттын ачылыш аземинде чакан концерттик программа уюштурулуп, салт боюнча биринчи коңгуроо кагылды. Андан кийин окуу класстары, кабинеттери боюнча экскурсия болду", - деп айтылат маалыматта.